Бүгүн, 7-июнда Жылдыз Полотова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Ага ылайык, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Жылдыз Полотованын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган министрликте Гүлнара Баатырова министр болгон. Ал башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.