Көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салуу мыйзамын парламент жактырды. Эми ага президент кол коюшу керек

Бүгүн, 12-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Жарнама жөнүндө" мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды. Эми ага президент кол коюшу керек.

Мыйзам долбоорун Марлен Маматалиев баштаган 25 депутат демилгелеген. Ага ылайык, өлкөдө көзү ачыктардын, төлгөчүлөрдүн жана сыйкырчылардын кызматын жарнамалоого тыюу салынат.

Маматалиев көбүнчө турмуштук татаал кырдаалда турган жарандар экстрасенс жана сыйкырчы деп аталгандарга кайрылып, алдамчылардан жапа чегип жатканын, алардын кайырмагына түшкөн жарандар аз эмес экенин белгилеген.

"Биздин салтыбызга да, динибизге каршы келген, мурда-кийин тарыхыбызда болбогон "көзү ачыктар" акыркы убактарда кулачын жаюуда. Бул деген алдамчылык. Алар өздөрүн жарнамалап, элди алдап, башын айлантып жатышат. Биз ошолорду тизгиндейли, элибиз алданбасын деп ушул мыйзамды сунуштап жатабыз", - деген эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан