Ош шаарында 16-июнда Курман айт майрамына карата калаадагы троллейбустук каттамдар жүргүнчүлөрдү акысыз тейлейт. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады.
Белгилей кетсек, быйыл Курман айт майрамына байланыштуу айт намаздар жер-жерлердеги мечиттерде окулат.
Буга чейин Бишкекте 16-июнда муниципалдык коомдук транспорттор элди акысыз ташый турганы маалымдалган. Мэрия мындай чечим Курман айт күнү жол тыгындарын азайтуу максатында кабыл алынганын белгиледи.