Бишкекте 16-июнда муниципалдык коомдук транспорттор элди акысыз ташыйт. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эртең мененки саат 05:30дан 11:00гө чейин шаар ичинде автобус жана троллейбус менен жүрүү бекер болот.
Мэрия мындай чечим Курман айт күнү жол тыгындарын азайтуу максатында кабыл алынганын белгиледи.