Лейлекте административдик-аймактык реформа мыйзамсыз болгонбу? Маселе парламентте көтөрүлдү (видео)

Бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Миргүл Темирбаева Лейлек районунда жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын мыйзамдуулугуна кызыкты.

Ал отурумда президенттин 2023-жылы 29-декабрда чыккан №370 жаргылын эске салды.

"Баткен, Лейлек райондорунда, Баткен жана Сүлүктү шаарларында административдик-аймактык реформаны жүргүзүү мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо аяктаганга чейин токтотулуп турсун деп жазылып турат. Бирок президенттин жарлыгына карабастан Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтомунун негизинде 1-апрелде Лейлек районунун 98 муниципалдык кызматкери жана жергиликтүү кеңештердин кызматкерлери жумуштан кетишкен. Ошондо бул токтомдун аткарылышы канчалык мыйзамдуу?" - деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аталган жарлык муниципалдык кызматкерлердин кыскарышына жолтоо болбой турганын айтты.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев дагы өкмөт башчынын сөзүн бышыктап, "президенттин жарлыгы штаттык бирдик түзүмүнө бөгөт койбойт" деп жооп берди.

Депутут Улукбек Ормонов Министрлер кабинетинин токтому туура эмес даярдалып калганын айтты.

"Чындыгында токтомуңар туура эмес даярдалган. Ошону моюнга алып, туура эмес жазылса туура эмес деп эле айткыла. Токтом даярдаганда өзүңөр туура эмес жазасыңар да, анан бул жерде тиешеси жок деп жатасыңар", - деди эл өкүлү.

Маалымат үчүн: Президенттин №370 жарлыгынын (Айыл аймактардын жана шаарлардын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө) Баткен облусунун айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде административдик-аймактык реформаны пилоттук режимде жүргүзүү долбоорундагы 2-пунктунда "Баткен облусунун Баткен, Лейлек райондорунда, Баткен жана Сүлүктү шаарларында административдик-аймактык реформаны жүргүзүү мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо аяктаганга чейин токтотулуп турсун" деп жазылган.

Жогорку Кеңеш 13.06.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан