Бүгүн, 13-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.
Мыйзам долбоорунда шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочуга саясий партияны гана эмес, тизмедеги талапкерди да тандоо мүмкүнчүлүгүн берүү сунушталууда.
Мындан сырткары:
- шайлоодогу босого чекти 7 пайыздан 5 пайызга чейин төмөндөтүү
- шаардык кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарын 4 жылдан 5 жылга узартуу,
- шаардык кеңештерге шайлоолордо инклюзивдүү жана гендердик тең салмактуулуктун нормасын киргизүү. Партиялардын талапкерлеринин тизмесиндеги ден соолугунан майыптыгы бар адамдардын жана аялдардын саны 30 пайыздан кем эмес болууга тийиш;
- пилоттук негизде электрондук добуш берүү механизмин киргизүү;
айылдык кеңештерге шайлоодо миң сом күрөөнү алып салуу сунушталууда.
Демилгечи депутат Марлен Маматалиев белгилегендей, көрсөтүлгөн ченем шайлоочуга шаардык кеңештеги өз өкүлдөрүнүн жеке курамына таасир этүүгө, шайлоочуларды аң-сезимдүү тандоого көмөктөшүүгө мүмкүндүк берүүгө багытталган.