12-декабрда Бишкектин көчөлөрүн муздан сактоо үчүн 8 тонна туз, 170 тонна кум чачылды
Бүгүн 12-декабрда "Тазалык" ишканасы тарабынан Бишкектин көчөлөрүн кардан жана муздан тазалоого 20 кум чачуучу унаа даярдалганын Бишкек шаардык мэриясы билдирет. Ошондой эле түнкүсүн кар тазалоого 4 жүк ташуучу унаа жана 2 жүк жүктөөчү техника, жолдорго кум жана туз себүүчү 20 кызматкер иштейт. Белгилүү болгондой, 12-декабрь күнү эртең менен Бишкектин жолдоруна 8 тонна туз, 170 тонна кум чачылды.