Кыргызстан Түркиядан бекер дарыланууга квота берүүнү кайра жандандырууну суранды

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев менен Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Нух Йылмаздын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу кечээ, 18-июнда ТИМден билдирди.

Маалым болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалын жана перспективаларын талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Казакбаев 150 Кыргыз жаранын Түркиянын медициналык мекемелеринде жыл сайын бекер дарылоону караган Саламаттыкты сактоо жана медицина илимдери жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашырууну тез арада жандандырууну суранды. Ошондой эле берилген квотаны жылына 500 адамга чейин көбөйтүү маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары элчи Руслан Казакбаев менен Нух Йылмаз Түрк Мамлекеттер Уюмунун алкагында боло турган иш-чараларды жана Бириккен Улуттар Уюмундагы демилгелерди өз ара колдоону кеңири талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан