Биз “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу жана “Камбар-Ата-1 ГЭСи” долбоорлору аркылуу өнүгүүнүн башка траекториясына кирип жатабыз. Бул тууралуу бүгүн, 20-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Өкмөт башчы депутаттарга “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу боюнча келишимди ратификациядан өткөрүп бергени үчүн ыраазычылык билдирди.
“Бул абдан маанилүү тарыхый окуя. Маселе 1996-жылдан бери талкууланып, 1997-жылы биринчи меморандумга кол коюлган. Бул темир жол курулушу менен биз жолу туюк өлкөдөн транзит өлкөгө айланабыз. Транзит болгон үчүн биздин жерди аралап өткөн жүктөрдөн пайда түшөт. Жылына бул темир жол аркылуу 7 миллион тоннадан 13 миллион тоннага чейин жүк ташылат. Мындан тышкары Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү, Европа өлкөлөрү менен соода мамилелери түзүлөт. Европа Биримдигинин ИДПсы 25 триллион доллардан ашат, 18 триллион доллар көлөмдөгү ИДПга Кытай ээ болууда. Башкача айтканда, Кытайдын рынок сыйымдуулугу биз үчүн океан сымал чексиз болуп жатат жана экономикабызды өнүктүрүүдө болгон чекти алып салууга шарт түзөт.
Экспортту кескин көбөйтүп, соода балансын оң кылууга шарт түзүлөт. Ошону менен бирге биз максат кылган ИДПнын көлөмүн 2050-жылы 200 миллиард долларга жеткирүү реалдуу ишке айланат. Башкача айтканда, биз өнүгүүнүн башка траекториясына ушул эки курулуш аркылуу чыгабыз”, - деди Жапаров.
Ошондой эле ал Жогорку Кеңештин бул чакырылышы “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу, “Камбар-Ата-1" ГЭСи сыяктуу тарыхый долбоорлорду куруу боюнча маанилүү чечимдерди кабыл алганы боюнча тарыхта каларын айтты.