Комитетте Кыргыз-Кытай чек арасында "Бедел" бекетин ачуу боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты

Бүгүн, 24-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз-Кытай чек арасында «Бедел» өткөрүү пунктун ачууга багытталган мыйзам долбоору каралды.

Парламенттин маалымат кызматы билдиргендей, эл өкүлдөрүнө мыйзам долбоорун УКМКнын Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев тааныштырды.

Анын айтымында, Кыргыз-Кытай чек арасында «Бедел» өткөрүү пунктун ачуу өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатууга, эки өлкөнүн ортосундагы товар айлантууну көбөйтүүгө жана соода-сатык мамилелерди өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет.

Комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун үч окууда жактырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан