Нургүл Салиева Салык кызматынын төрагасынын орун басары болду

Салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп Нургүл Салиева дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда аталган мекеме билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Ал буга чейин "Салык сервис" мамлекеттик мекемесинин директору кызматын аркалап келген.

"Бүгүн финансы министри Алмаз Бакетаев Салык кызматынын жамаатына төраганын жаңы орун басарын тааныштырды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Салык кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Адилет Дубанаев коррупцияга шектелип кармалганы маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан