Президент Садыр Жапаров "2024-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан өкмөттөрүнүн ортосундагы "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда президенттин маалымат кызматы билдирди. .
Ага ылайык, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 19-июнунда кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты – "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жолун биргелешип куруу жөнүндө макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду жүзөгө ашыруу. Ошондой эле аталган мыйзам "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жолунун курулушун баштоого мүмкүндүк берет.
Ага ылайык, аталган долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдө олуттуу көмөк көрсөтөт.
"Жаңы темир жол коридору Евразия континенталдык көпүрөсүнүн түштүк бутагына айланат жана Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия жана Жакынкы Чыгыштын рынокторуна жол ачат. Ошондой эле Түркияга жана андан ары Евробиримдикке жүк жеткирүүнү камсыздай алат", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары долбоор эл аралык рынокто жүктөрдү жеткирүүдө аралыкты жана убакытты кыскартуунун эсебинен транзиттик ташуулардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну камсыз кылат.