Бүгүн, 30-июнда өткөн №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыяланды.
Борбордук шайлоо комиссиясына автоматтык эсептөөчү урналардын (АЭУ) 100 пайыз маалыматы келип түштү.
Ага ылайык, Айжигит Тыналиев 3 498 добуш (16,04 пайыз) менен жеңүүчү деп табылды.
Экинчи орунду Бактыбек Турусбеков 2 803 добуш (12,85 пайыз) менен алса, үчүнчү сапка Руслан Эсенгулов 2 692 добуш (12,34 пайыз) менен чыкты.
Ал эми жалпы округ боюнча 97 миң 331 бир шайлоочу болсо, алардын 21 миң 807си же 22, 40 пайызы шайлоого катышты.
Алдын ала эсеп боюнча ким канча добуш алганы төмөндө:
№1 Сулайман Турсунакунов 174 добуш (0,80 пайыз)
№2 Эртай Искаков 1 696 добуш (7,78 пайыз)
№3 Бактыбек Момбеков 1 192 добуш (5, 47 пайыз)
№4 Атабек Мазымканов 177 добуш (0,81 пайыз)
№5 Мухтар Сартманов 2 055 добуш (9,42 пайыз)
№6 Руслан Эсенгулов 2 692 добуш (12,34 пайыз)
№7 Аманат Тукунов 881 добуш (4,04 пайыз)
№8 Темирболот Үсөнгазиев 2 659 добуш (12,19 пайыз)
№9 Бактыбек Турусбеков 2 803 добуш (12,85 пайыз)
№10 Султан Тентимишев 1 153 добуш (5,29 пайыз)
№11 Жакшылык Мукамбетов 486 добуш (2,23 пайыз)
№12 Самат Асипов 998 добуш (4,58 пайыз)
№13 Кубанычбек Кадыров 806 добуш (3,70 пайыз)
№14 Айжигит Тыналиев 3 498 добуш (16,04 пайыз)
Баарына каршы 386 добуш (1,82 пайыз)