Бүгүн, 2-июлда Чолпон-Атада Кыргызстан менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосундагы негизги маселелердин баары талкууланат. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев журналисттерге билдирди.
Азымбакиевдин айтымында, президент Садыр Жапаров менен БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин ортосунда эл аралык маселелерди камтыган регионалдык коопсуздук, Кыргызстандын азыркы абалы, өнүгүп жаткан ички жана тышкы саясаты, азыр жүрүп жаткан чоң реформалар туурасында сүйлөшүүлөр болот.
“БУУнун эң башкы 17 максаты бар. Ал боюнча Кыргызстан өз ишин жүргүзүп, өз салымын кошуп жатат. Иштин аткарылышы боюнча биздин өлкө 166 өлкөнүн ичинен 45 орунга чыкты. Президент Садыр Жапаровдун талабы боюнча 2030-жылга чейин мыкты иш алып барып жаткан 30 өлкөнүн катарына кошулушубуз керек”, - деди ал.
Ошондой эле Азымбакиев 193 өлкөнүн ичинен Кыргызстандын да добушу салмактуу экендигин белгилеп, Кыргызстандын өзүнүн орду, абройлуу саясаты, даражасы бар деп эсептейт.