Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ) алдындагы Тянь-Шань илим-изилдөө борбору Кыргызстандык мигранттардын укугун коргоо боюнча долбоорду ишке ашыра баштады. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди. Тянь-Шань илим-изилдөө борборунун башкы максаты болуп чет жерде жүргөн Кыргызстандын мигранттарынын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн укугун коргоодо эффективдүү сүйлөшүүлөрдү иштеп чыгуу болуп саналат. Ошондой эле Тянь-Шань илим-изилдөө борборунун аткарып жаткан долбоорунун алкагында мигранттардын укугун коргоочу маалыматтык борбордун интернет-платформасын түзүү пландалууда.