Бодибилдинг деген сөздү кыргызчага которгондо, body – дене, жана building - куруу, демек, “денени куруу” дегенди билдирет. Айтылуу Арнольд Шварценеггерди кумир туткандар бул спорт түрүн жакшы түшүнүшөт. Кыргызстандык бодибилдер, бодибилдинг жана пауэрлифтинг боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону, мас-рестлинг боюнча да өлкөбүздүн чемпиону, жатып оор көтөрүү (жим лёжа) боюнча спорт чебери, жакында бодибилдинг боюнча Азия кубогунда 1-орунду уткан Эмил Надырбаев менен маектештик.
Маекти толугу менен “Супер-Инфонун” 5-июлда чыккан жаңы – №1126 санынан окуй аласыз.