Президент Садыр Жапаровдун инисинин кызы Лазат Нуркожоеванын жигити Афтандил Сабырбеков 3-августка чейин камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда SUPER.KG порталына Бишкектин Биринчи май райондук сотунан кабарлады.
Маалыматка ылайык, райондук соттун 6-июлдагы чечими менен ИИМдин тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган.
"Сотко берилген материалдарга ылайык, С.А. Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) 3-бөлүгү менен айыпталууда", - дешти соттон.
Кечээ айрым маалымат каражаттары Афтандил Сабырбеков синтетикалык баңгизат сатууга шектелип милиция кызматкерлери тарабынан 5-июлда кармалганын жазып чыгышкан.
Ал укук коргоо органдары тарабынан кармалганын президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 10-июлда ырастады.
Эске салсак, 24-июнда Лазат Нуркожоеванын жигити тик учак менен сүйгөнүнүн колун сураган видео социалдык тармактарга тараган. Бул коомчулуктун сынына кабылып, айрымдары аша чапкандык экенин айтышкан.