Лазат Нуркожоеванын колун сураган жигит кармалды 

Президент Садыр Жапаровдун инисинин кызы Лазат Нуркожоеванын жигити Афтандил Сабырбеков кармалды. Бул тууралуу маалыматты президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов ырастады.

Анын айтымында, Афтандил Сабырбеков укук коргоо органдары тарабынан кармалган.

"Бул жигиттин башкы максаты өзүнүн мыйзамсыз иш аракеттерин жашыруу үчүн жогорку бийликтегилерден калкалоочу адамдарды (крыша) табуу болгону ачыкталды деп божомолдоого толук негиз бар. Баса белгилей кетсем, президент Садыр Жапаров ким болбосун мыйзамсыз иш аракеттерди жаап-жашырып, калкалоого албайт. Эми мурдагы жигиттин жана анын шериктеринин мыйзамсыз иш аракеттеринин чоо-жайы тергөө амалдарынын жүрүшүндө аныкталат", - деп жазды Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына.

Кечээ айрым маалымат каражаттары Афтандил Сабырбеков синтетикалык баңгизат сатууга шектелип милиция кызматкерлери тарабынан 5-июлда кармалганын жазып чыгышты.

ИИМ бул боюнча азырынча маалымат бере элек.

Эске салсак, 24-июнда Лазат Нуркожоеванын жигити тик учак менен сүйгөнүнүн колун сураган видео социалдык тармактарга тараган. Бул коомчулуктун сынына кабылып, айрымдары аша чапкандык экенин айтышкан.

Көп өтпөй президент Садыр Жапаров болочок күйөө баласы жаштык кылганын айткан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан