Орусия Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 20 миң тонна буудай берет. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчисинин басма сөз кызматы билдирди. 11-декабрь күнү Москва шаарында Орусиянын жана Кыргызстандын айыл чарба министрлигинин ортосунда гуманитардык жардам берүү тууралуу келишимге кол коюлду. Буудайдын биринчи бөлүгү атайын түзүлгөн график менен 17-18-декабрь күнү Кыргызстанга жиберилет.