Германия Кыргызстанга 26 миллион евро грант бөлүп берерин президент Алмазбек Атамбаев айтты. Анын айтымында, көрсөтүлгөн сумманы бөлүп берүү үчүн керектүү документтер макулдашылды. “Бөлүнүп берилип жаткан акчанын көп бөлүгү медицина жаатына бөлүнөт. Менин оюмча, бул иш сапар эки тараптуу мамилелерди бир топ алдыга чыгара алды. Эми кийинки жылы Германиянын президенти, ал эми 2014-жылы канцлери Кыргызстанга келет”,- деди Алмазбек Атамбаев.