Акылбек Жапаров мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар милдеттерди койду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин администрациясынын коллегиясынын отурумунун күн тартибине киргизилген маселелердин жыйынтыгы менен мамлекеттик мекемелердин жетекчилерине бир катар тапшырмаларды койду.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, Жапаров өлкөдөгү Маданият үйлөрүнүн жана китепканаларынын иши тууралуу угулган баяндамадан соң жакынкы 2-3 жылда толугу менен мамлекеттеги бүт социалдык объекттер жаңырарын билдирип, азыртадан креативдүү, ишке кызыккан адистер керектигин белгиледи.

“Маданият үйлөрү, китепканалар – мамлекеттин жүзүн көрсөтүүчү, элди маданиятка үндөөчү, сабаттуулукка чакыруучу жер. Жол жээгинде – айланасы чөп басып, эшиги жабылып турган клубдарды Маданият министрлиги көргөндөн кийин, тиешелүү сунуштарды эмнеге киргизбейт. Китепканалар толугу менен жайгашкан ордуна карап мектептин китепканалары менен бириктирилсин. Алтынбек Аскарович, китепканалар менен Маданият үйлөрүн иретке келтирүү боюнча ишти колго алыңыз, бул иш өзгөчө контролго алынсын”, - деди өкмөт башчы.

Ошондой эле ал Жогорку Кеңеште мыйзам долбоорлорун коргоо жана колдоо боюнча жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарууда мамлекеттик органдардын жетекчилерине бул багыттагы иштерге өзгөчө көңүл бөлүп, күчөтүүнү тапшырды.

Мындан тышкары Юстиция министрлигинин нотариус кызматтарынын ишмердүүлүгү тууралуу маселесинде министрликке тиешелүү тапшырмаларды берди.

“Нотариустар институту жеке адамдардын гана эмес, бүтүндөй коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн коомдук-укуктук функцияны аткарат. Ошондуктан Аяз Батыркулович, нотариустардын ишин санариптештирүү, бүгүн айтылган айрым функцияларды башка органдарга өткөрүп берүү, ашыкча документтерди талап кылбоо сыяктуу сунуштарды карап чыгып, чечиңиздер”, - деди Жапаров.

Отурумда ошондой эле “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулунун даректүүлүгү Ош облусундагы Өзгөн районунун мисалында каралды. Бул багытта өкмөт башчы жергиликтүү мамлекеттик администрация жана шаар мэрияларына жөлөк пулдарды чектөө, төлөө жөнүндө жарандардын арыздарын жана даттанууларын дыкат карап, иштерди күчөтүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, азыркы күндө 83 миң 204 үй-бүлөдөгү 283 миң 81 балага жөлөк пул төлөнөт. Мындан тышкары 100 миң сомдук контракттарды киргизүү максатында калктын аярлуу катмарына кайтарымсыз жардамдар берилүүдө, бул багытта жалпысынан үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна карата 20 миң 428 үй-бүлөгө берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан