Бишкекте Жаңы жылдык иш-чараларга 4 миллион сом жумшалат
Бишкекте Жаңы жылдык иш-чараларга 4 миллион
сом жумшаларын Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Усубакунова билдирди. “Бишкекте
14-декабрдан баштап Жаңы жыл майрамдала баштайт. Ошол күнү өлкөнүн негизги
балатысынын ачылышы болот. 19-декабрь күнү “Сейтек” театрында мүмкүнчүлүгү
чектелген балдарга арналган майрамдык программалар тартууланып, белектер
берилет”,- деди вице-мэр Айгүл Усубакунова журналисттерге берген маалыматында.
Ошондой эле мэрия жалпысынан балдар үйүнөн, реабилитациялык
борборлордон 13 миңдей баланы
Жаңы жылы менен
куттуктап,
белек тапшырары маалым болду.