"Мыкты окуйт". Министрлик Таласта кой кайтарган кичинекей бала боюнча үн катты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Таласта кой кайтарып жүргөн экинчи класстын окуучусу тууралуу билдирүү таратты.
Ага ылайык, Айтматов райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Элмира Райымбекованын айтымында, баланын үй-бүлөсү бакубат жашайт, жери жана малы бар.
"Апасы төрөтканада жаткан учурда баланы убактылуу тайэнеси менен үйдө калтырышкан. Өгөй атасы болсо үйүндө калган эки баланы жубайы ооруканада болгонго чейин карап калган. Бала мыкты окуйт, мектепти калтырбайт", - деп түшүндүрдү ал.
Министр Жылдыз Полотова баланы коргоо боюнча жекече планды тез арада түзүүнү жана аны балдар иштери боюнча комиссиянын жакынкы жыйынында кароону тапшырды.
Ведомствонун маалыматы боюнча, мындай пландар жыл башынан бери оор турмуштук кырдаалга кабылган 1,6 миңден ашуун балага иштелип чыккан.
Белгилей кетсек, Казакстан менен чектеш талаада жалгыз кой кайтарган баланын видеосу социалдык баракчаларга тарап, кароосуз калгандыгы айтылган эле. Көп өтпөй Талас милициясы ал бала боюнча билдирүү тараткан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан