Катып калган нан жеп, талаада жалгыз кой баккан 2-класстын окуучусу тууралуу видео социалдык баракчаларга тарады. Анда күбө баланын атасы аны Казакстан менен чектешкен, айылдан алыс талаага таштап кеткенин, ал түнү да койлорун кайтарып каларын баяндаган.
“Ушул 2-класстагы бала кароосуз калып, атасы Казакстан менен чектешкен талаага таштап кеткен. Бул жерде кой жайып жүрөт. Үстүндө кийими жок, же тамак-аш менен камсыз кылган эмес. Катып, көгөрүп, кумурска баскан нан жеп жатат. Кечкисин карышкыр, чөөлөр келгенде чатырларга качып чыгат экен. Дыйкандар ары-бери өткөндө жегенге бир нерселерди таштап кетип жатат. Алар атасына бир нече ирет кайрылышкан”, - деген видеону тарткан жаран.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы окуяны Талас милициясы териштирип жаткандыгын билдирди. Ошондой эле баланын чоо-жайын териштирүү үчүн көрсөтүлгөн дарекке милиция кеткендигин айтып, кошумча маалымат бериле тургандыгын кошумчалады.