Социалдык тармактарда тараган кой кайтарып жүргөн бала боюнча Айтматов райондук милиция бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу жерине барган. Балага карата жасалган мамиле боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Бул туурасында бүгүн, 2-августта Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, кой кайтарып жүргөн бала 2014-жылы туулган. Ал Арчагул айылындагы мектепте окуйт.
“Арчагул айылынан болжол менен 20-25 чакырым алыстыктагы мал сарайда кой кайтарып жүргөн бала таенеси менен кошо жашайт. Окуяга катыштыгы бар жарандар, анын ичинде видеого тарткан жаран дагы райондук милицияга алынып келинди. Кошумча маалымат берилет”, - деп белгиленген маалыматта.
Белгилей кетсек, Казакстан менен чектеш талаада жалгыз кой кайтарган баланын видеосу социалдык баракчаларга тарап, кароосуз калгандыгы айтылган эле.