Жапаров президенттерди Нью-Йоркто өтө турган шайлоодо Кыргызстандын талапкерлигин колдоого чакырды

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 9-августта Астана шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын алтынчы консультативдик жолугушуусуна катышууда.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев делегация башчыларын тосуп алды. Алтынчы Консультативдик жолугушууга Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, тажик лидери Эмомали Рахмон жана Түркмөнстандын мамлекет башчысы Сердар Бердымухамедов катышты.

Жапаров өз сөзүндө Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин консультативдик жолугушууларынын форматы жогорку суроо-талапка ээ экендигин жана регионалдык кооперацияны бекемдөөгө зарыл болгон кошумча импульс бере тургандыгын кубануу менен белгиледи.

Ошондой эле ал аймактын өлкөлөрү аркылуу жаңы мультимодалдык каттамдарды жана транспорттук коридорлорду түзүүнүн варианттарын карап чыгууну сунуштады.

Регионалдык жана глобалдык коопсуздукка байланыштуу маселелерде Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн тереңдетүү жана күч-аракеттерин бириктирүү зарылдыгын билдирди. Ал Кыргызстан 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкер экендигин эске салып, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясында 2026-жылдын июнь айында Нью-Йоркто өтө турган шайлоодо колдоого чакырды.

Соңунда мамлекет башчысы аймактын өлкөлөрүнүн өз ара түшүнүшүүгө жана биргелешкен аракеттерге умтулуусу бүткүл региондун туруктуу өнүгүүсү үчүн бекем негиз түзөрүн белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан