Жогорку Кеңеште китепкана ачуу керектигин депутат Абдырахман Маматалиев ЖКнын кезектеги пленардык жыйынында билдирди. “Биз өткөндө Казакстандын парламенти менен таанышып, алардын парламентинин китепканасына суктанып кайттык. Бизде дагы атайын орун бөлүнүп, китепкана ачсак жакшы болмок. Менин оюмча, китепкана депутаттарга жана ЖКнын кызматкерлеринин иштерине чоң жардам берет”,- деди эл өкүлү Абдырахман Маматалиев.