"Соода жүгүртүү 3,6 эсеге өстү". Акылбек Жапаров Франциянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Бүгүн, 20-августта министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Франциянын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Франсуа Делаус менен анын өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу жолукту. Бул туурасында президенттик администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Акылбек Жапаров француз тарапты Парижде Жайкы Олимп оюндарын ийгиликтүү өткөрүп алышы менен куттуктап, бул оюндар Кыргызстан үчүн тарыхый болуп калганын, өлкөнүн курама командасы 6 медаль жеңип алганын белгиледи.

Ал эми кыргыз-француз мамилелери боюнча МинКаб төрагасы эки өлкөнүн конструктивдүү кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн элчиге ыраазычылык билдирди. Ошондой эле 2023-жылдын аягына карата эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү 3,6 эсеге өсүп, 200 миллион еврого жеткенин белгиледи.

Мындан тышкары эки өлкөнүн маданий-гуманитардык чөйрөсүндөгү өз ара кызматташуусу талкууланды. 2023-окуу жылында Франциянын жогорку окуу жайларына Кыргызстандан 122 студенттин кабыл алынышы белгиленди, бул билим берүү тармагындагы жемиштүү кызматташуунун мисалы болуп саналат.

Өз кезегинде Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус эки өлкөнүн өз ара пайдалуу кызматташтыгына токтолуп, туризм, энергетика жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты артыкчылыктуу багыт катары белгиледи.

Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда маданий борборлорду түзүүнүн жана иштөөнүн перспективалары боюнча пикир алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан