Өлкө башчы Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, таштанды терип жүргөн видеосу менен бөлүштү.
Анда президент жаратылышка аяр мамиле жасоого чакырды.
"Жаратылышыбызга аяр мамиле жасап, бири-бирибизди көзөмөлдөп, тарбиялап, бири-бирибизге үлгү бололучу.
Башка жактан келип бирөө-жарым жаратылышыбызды тазалап бербейт. Бир күн менен жашабайлычы. Эртең балдарың, бүрсүгүнү неберелериң келип эс алат го акыры", - деп жазды Садыр Жапаров.