Чүй облусунун Аламүдүн капчыгайында ушул жылдын 14-январынан бери дайынсыз болуп жаткан жаранды издөө иши кайрадан жанданды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, 28 жаштагы Мухамедаалы Маматалы уулу 14-январда үйүнөн чыгып кеткен бойдон табыла элек.
Белгилери: бою 180-185 сантиметр, чачы кара, чачы кара түстө, кой көздүү, сол кашында шрамы бар.
Кийген кийими: "Найк" жазуусу бар кара түстөгү баш кийим, кара куртка, кара шым, бутунда спорттук бут кийим болгон.
Маматалы уулунун жакындары буга чейин издөө иштери жай жүрүп жатканын билдирип, коомчулуктан жардам сураган.
8-январда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев дайынсыз жоголгон жаранды издөө ишинин жүрүшүнөн жеринен кабар алып, куткаруучулардын санын көбөйтүү тапшырмасын койгон. 20-январда издөө иштери убактылуу токтотулган. Кийин кайра 23-январда улантылып, бирок туугандарынын өтүнүчү менен издөө иши токтотулган болчу.
Июнь айында аны кайра издөө иштери башталганын ӨКМдан маалымдаган болчу.