Чүй облусунун Аламүдүн капчыгайында 14-январдан бери дайынсыз болуп жаткан 28 жаштагы жаранды издөө иши кайрадан жандандырылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жакындарынын кайрылуусунун негизинде жанданган издөө ишине 2 дрон менен жалпы 36 куткаруучу жана ИИМдин 300 кызматкери тартылган.
Эске салсак, 14-январь күнү Аламүдүн капчыгайында (Тёплые ключи) 1996-жылы туулган Мухамедаалы дайынсыз жоголгон. 18-январда министр Бообек Ажикеев дайынсыз жоголгон жаранды издөө ишинин жүрүшүнөн жеринен кабар алып, куткаруучулардын санын көбөйтүү тапшырмасын койгон. 20-январда издөө иштери убактылуу токтотулган. Кийин кайра 23-январда улантылып, бирок туугандарынын өтүнүчү менен издөө иши токтотулган болчу.