Элчилик Германиядагы кол салууда кармалган өспүрүм тууралуу маалымат берди

Кыргызстандын Германиядагы элчилиги Золинген шаарындагы кол салууга байланыштуу 15 жаштагы кыргыз жараны кармалды делген маалымат боюнча комментарий берди.

"Каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Ошол эле учурда кармалган 15 жаштагы баланын өздүгү жана анын Кыргызстандын жараны болушу мүмкүн экендиги такталып жатат", - деп билдиришти элчиликтен.

Белгилей кетсек, 23-августта Германиянын Золинген шаарынын 650 жылдык мааракесине арналган фестивалдын катышуучуларына белгисиз адам бычак менен кол салган. Андан 3 киши каза болуп, 8 адам жаракат алган.

Der Spiegel басылмасынын маалыматына караганда, кол салуудан кийин Кыргызстандын жараны болгон 15 жаштагы өспүрүм кармалган. Ал качкындар үчүн атайын жатаканада жашаганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан