Германияда үч киши бычак жеп каза болду  

Германиянын Золинген шаарында белгисиз жаран фестивалдын катышуучуларына бычак менен кол салып, андан үч киши каза болду. Дагы сегиз адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кол салуу борбордук аянтта шаардын 650 жылдыгын майрамдоо учурунда болгон. Кол салган адам изин жашырып кеткени айтылды. Шектүү изделип жатат.

Полиция бул атайылап жасалган аракет экенин билдирип, жергиликтүү тургундарды үйдөн чыкпай турууга чакырды.

Фестиваль токтотулганы маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан