Ош шаарында зомбулукка кабылган 15 жашар кыздын окуясы боюнча шектүү катары төрт жаран камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Ички иштер министрлигинен билдирди.
ИИМден билдиргендей, 23-августта милицияга ыкчам маалымат түшкөн. Анда 15-август күнү Ош шаарынын тургуну 15 жаштагы кызды Кара-Суу районундагы каналга топ кыздар алып барып эч себепсиз уруп, чачын жана кашын кырып, күч колдонуп белгисиз даректе кармап отургандыгы маалым болгон.
Аталган факт Ош ОИИБинде катталып, текшерүү иштери башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында, окуянын жагдайлары толук аныкталган. 15 жашар кызды топ кыздар жана балдар өмүрүнө жана ден соолугуна коркунучтуу болгон зомбулук жасап, шантаж кылуу жолу менен сойкулук кылууга тартуу же болбосо сойкулук кылууга мажбурлоо түрүндөгү аракеттерин жасашкан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренеси (Сойкулук кылууга тартуу) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам тергөө амалдарынын жүрүшүндө, окуянын бардык жагдайлары жана катышуучулары аныкталып, тиешеси бар адамдардын баары тергөөгө жеткирилген.
"Тергөө амалдарынын учурдагы жыйынтыгы менен 2003-жылы туулган Э.Б., 2001-жылы туулган К.М., 2004-жылы туулган Ш.Н., 2006-жылы туулган М.М. бул кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кылмыш иши боюнча тергөө уланып жатат, калган тиешеси бар адамдар менен тергөө амалдары улантылууда", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 27-августта Акыйкатчы институту Ош шаарында 15 жаштагы кыз бир айдан бери сексуалдык кулчулукта кармалып келгенин кабарлаган.
ИИМ ошол эле күнү бир топ кыздар-балдар өспүрүмдү Кара-Суу районундагы каналдын жээгине алып барып, күч колдонуп, ур-токмокко алганын, бир нече күн бою белгисиз даректе кармашканын тастыктаган. Өспүрүмдү сабоого шектелип 21 жаштагы кыз, ошондой эле аны мейманканада зордуктаган делип 27 жаштагы жаран кармалганын кабарлаган.