ИИМ Ошто зомбулукка кабылган 15 жашар кыздын окуясы боюнча маалымат берди

Ички иштер министрлиги Ош шаарында 15 жашар кыздын зомбулукка кабылганы боюнча маалымат берди.

Буга чейин Акыйкатчы институту Ош шаарында 15 жаштагы кыз бир айдан бери сексуалдык кулчулукта кармалып келгенин кабарлаган.

ИИМ бир топ кыздар-балдар өспүрүмдү Кара-Суу районундагы каналдын жээгине алып барып, күч колдонуп, ур-токмокко алганын, бир нече күн бою белгисиз даректе кармашканын тастыктады.

Маалыматка ылайык, бул окуя боюнча 23-августта текшерүү иштери башталган.

Ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында өспүрүмдү сабоого шектелип 2003-жылы туулган Э.Б. жана өспүрүмдү мейманканада зордуктаган делип 1997-жылы туулган У.Х. кармалып, алар тергөө кызматына жеткирилди.

Учурда бул ишке тиешеси бар делген башка жарандар изделип жатканы айтылды. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен мыйзам чегинде чечим кабыл алынары кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан