Германиянын Золинген шаарында 23-августтагы кол салуудан кийин кармалган 15 жаштагы кыргызстандык өспүрүм эркиндикке коё берилди. Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги маалымат таратты.
Билдирүүгө ылайык, өспүрүм 24-августта күбө катары кармалып, 25-августта эркиндикке коё берилген.
"Учурда аталган жаран эркиндикте" деп жазылат маалыматта.
ТИМ Кыргызстандын Германиядагы элчилигине өспүрүмдүн өзүнөн жана туугандарынан укугун коргоо жөнүндө кайрылуу түшпөгөнүн белгиледи.