Акылбек Жапаров өлкө сатып алып жаткан учактар, кызматтык унаалар боюнча маалымат берди

Бүгүн, 6-сентябрда “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун “Асман аба жолдору” авиакомпаниясы үчүн сатылып алынган Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү биринчи учак Кыргызстанга келди. Бул туурасында Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, салтанаттуу аземге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты. Ал жаңы учак менен тик учактардын алынышы, министрликтер менен ведомстволордо унаалардын жаңыланышы өлкө экономикасынын өсүү процессинен кабар берерин белгиледи.

Маселен, Финансы министрлигинин 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында министрликтин райондук бөлүмдөрүнө 60 автоунаа берилди. Ички иштер министрлиги 100 даана Chevrolet үлгүсүндөгү унаа алды. Ошондой эле унаалар Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Энергетика министрлигине, Саламаттыкты сактоо министрлигине жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине өткөрүлүп берилди.

Ошондой эле Париж Олимпиадасына катышкан спортчуларга белекке берилген автоунаалар ата мекендик “Тулпар Моторс” автомобиль заводунда чыгарылган.

“Ачыгын айтайын, мен экономиканы модернизациялоо боюнча китептин автору катары мындай модернизация процесстерин көрүп, бул иштердин катышуучусу болгонума абдан кубанычтамын. Модернизациялоо процесси улантылат жана бул өлкөнүн экономикалык кубаттуулугун жогорулатуунун маанилүү фактору болуп калат. Акыркы 3 жыл өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык фонунда өзгөчөлөнүп турат. Биз экономикада чоң ийгиликтерге жетиштик, маселен, макроэкономикалык көрсөткүчтөр: ИДПнын өсүшү, көмүскө экономиканын кыскарышы, мамлекеттик бюджеттин ресурстарынын көбөйүшү. Биз эбегейсиз чоң суммадагы тышкы карызды – дээрлик 500 миллион долларды төлөй алдык. Буга чейин мындай сумма биздин колубуздан келбейт, жерлерибизди кредиторлорго өткөрүп берүү менен карыздарды төлөйбүз деген кооптонуулар болгон болчу. Мына ушунун баары президентибиз Садыр Нургожоевичтин кесипкөй командасынын эмгегинин натыйжасы”, - деди Акылбек Жапаров.

Буга чейин Орунбеков канадалык компаниядан сатылып алынган Dash-Q8-400 үлгүсүндөгү учактар 27-сентябрдан тарта ички каттамдарды тейлей баштаарын айткан. Аталган учактар сыноодон ийгиликтүү өткөнү дагы кабарланган болчу.

Белгилей кетсек, былтыр сентябрь айында "Манас" эл аралык аэропорту алгачкы жолу өз каражатына Dash-8-400 үлгүсүндөгү эки учак сатып алган.

Аэропорттун директору Манасбек Самидинов жаңы учактар ички каттамдарга сентябрь айынан тарта чыга баштаарын, аба каттамдар үзгүлтүксүз болуп, билеттер арзандаарын айткан.

Маалымат үчүн: Канаданын “DeHavilland Aircraft of Canada” компаниясынын Bombardier Dash 8 Q-400 самолету — 80 жүргүнчүнү батыра алат жана 2 миң чакырымга чейинки аралыкка учууга жөндөмдүү. Q 400 — заманбап, ишенимдүү жана үнөмдүү учак. Учак кыска аралыкка учууларды эффективдүү аткарууга жөндөмдүү, бул анын Кыргызстандын шаарлары менен облустарынын ортосундагы каттамдар үчүн ыңгайлуу.

Жаңы учак 06.09.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан