Жаңы сатып алынган учактар ички каттамга качан чыгары белгилүү болду

Мамлекеттик "Asman Airlines" авиакомпаниясы 27-сентябрдан тарта аймактар ортосундагы каттамдарды аткара баштайт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Facebook баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, канадалык компаниядан сатып алынган Dash-8-400 учактары Талас, Нарын, Каракол жана башка шаарларга учуп баштайт.

"Билеттин баасы жеке компанияларга караганда арзан болот, авиакомпанияларга атаандаштык жаралат. Атаандаштык – сапатка таасир этет, кызмат көрсөтүү жакшырат. Билеттин баасы 2000 сомдон башталат", - деп жазды Орунбеков.

Белгилей кетсек, былтыр сентябрь айында "Манас" эл аралык аэропорту алгачкы жолу өз каражатына Dash-8-400 үлгүсүндөгү эки учак сатып алган.

Аэропорттун директору Манасбек Самидинов жаңы учактар ички каттамдарга сентябрь айынан тарта чыга баштарын, аба каттамдар үзгүлтүксүз болуп, билеттер арзандарын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан