Айбек Молдагазиев менен Кытайдын кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жолукту

Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда ТИМден билдиришти.

Анда эки тараптуу жана көп тараптуу өз ара аракеттешүүнүн күн тартибинин актуалдуу маселелери талкууланып, саясий диалогду бекемдөөнүн, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Ага ылайык, Молдогазиев Кытай тарапты Шанхай кызматташтык уюмунда төрагалык кылуунун кабыл алынышы менен куттуктап, Кыргызстан менен Кытай ШКУнун алкагында көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн маанилүү маселелери боюнча бирдей түшүнүккө ээ экендигин белгиледи жана ийгиликтүү төрагалык каалады.

"Ал эми элчи Ду Дэвень Кытайдын ШКУда 2024-2025-жылдары төрагалыгынын алкагындагы артыкчылыктар жана иш-чаралар жөнүндө маалымат берип, кыргыз тарапты аларга активдүү катышууну чакырды.

Тараптар ошондой эле алдыдагы өз ара жогорку деңгээлдеги сапарларды жана иш-чараларды иштеп чыгуунун жүрүшүн талкуулашты", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан