Биз социалдык тармакта

Акылбек Жапаров: "Биз илбирстин секиригин жасай элекпиз, ага даярданып жатабыз" (видео) 

Саясатчы, мурдагы өкмөт башчы Акылбек Жапаров Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсү үчүн узак мөөнөттүү пландоо жана туруктуулук зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, өлкө 2030-жылга карата экономикалык секирик жасап, 2050-жылга чейин өнүгүүнүн жаңы деңгээлине жетиши керек. Бул тууралуу ал кечээ, 22-ноябрда журналист Семетей Аманбековго берген маегинде билдирди.

Жапаровдун пикиринде, өлкөнү бутуна тургузуу үчүн өнүгүү пландары 20-30, ал тургай 50 жылга эсептелиши зарыл. Бийликке келген ар бир жаңы өкмөт же президент мурдагы пландарды өзгөртө бербестен, узак мөөнөттүү максаттарды улантууга көңүл бурушу керек.

"Биз азыр илбирстин секиригин жасай элекпиз. Биз ошого даярданып жатабыз. Анткени 2030-жылкы секирибиз 2050-жылга барып турушу кажет. Кыргыздар ушул боюнча эле жүрө бербешибиз керек. Биз дагы орто катмарга кошулушубуз шарт",- деди ал.

Ошондой эле Жапаров 2050-жылга чейин Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмүн (ИДП) 200 миллиард долларга жеткирүү максатын атады. Ал үчүн адам башына туура келген ИДП көлөмү 20 миң доллардын тегерегинде болушу керектигин белгиледи.

"Жаңы келген өкмөт, жаңы келген президент улам жаңы нерселерди айта бербестен, 2050-жылга чейин дүйнө жүзүндөгү орто катмарга кантип жетебиз, канткенде өлкөдөн кетип калган балдарыбыздын баары кайтып келет деген саясатты алып кетишибиз керек",- деп кошумчалады Жапаров.

Акылбек Жапаров: "Биз илбирстин секиригин жасай элекпиз, ага даярданып жатабыз" (видео) 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан