Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Темир айылында сел өтүүчү каналдын курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматына ылайык, "Арчалуу" деп аталган каналдын жалпы узундугу 2040 метрди түзөт. Анын нугуна 11 ички көпүрө курулат.
"Курулуш иштери аяктаса, айылдагы 200дөн ашуун турак үй, ички чарбалык жолдор жана Бишкек - Каракол автожолунун 600 метр тилкеси сел коркунучунан корголот",- деп айтылат маалыматта.