Кызыл-Кыя шаарындагы аймактык ооруканага Япония 122 миң долларга бааланган медициналык жабдууларды берет

Кызыл-Кыя шаарындагы аймактык ооруканага Япония 122 миң долларга бааланган медициналык жабдууларды берет. Бул тууралуу Япониянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти. Медициналык жабдуулар Япониядан грант катары алынып келинет. Маалым болгондой, гранттык келишимге кол коюу 18-декабрь күнү Кызыл-Кыя шаарында шаар мэри Абиш Халмурзаев, Япониянын Кыргызстандагы өкүлү Ясумас Иидзим жана Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынын директору Абдырасул Жаныбековдун катышуусунда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан