Кыргызстан БУУнун адам укуктарын коргоо боюнча кеңешинде мүчө болууну токтотот

2013-жылдын 1-январь айынан баштап Кыргызстан БУУнун адам укуктарын коргоо боюнча кеңешинде мүчө болууну токтотот. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. “Кыргызстан 2009-2012-жылдар аралыгында аталган кеңешке мүчө болгон 46 өлкө менен бирге укук коргоо тармагында бир канча чоң иштерге катышты. Ошондой эле Кыргызстан 1,5 жыл БУУнун адам укуктарын коргоо боюнча кеңешинин вице-төрагасы болду. Кыргызстан кеңешке мүчө болуусун токтотсо дагы, укук коргоо жаатында эл аралык кызматташуу боюнча иштерди колдоого алат”,- деп жазылат ТИМдин билдирүүсүндө.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан