Садыр Жапаров жаңы салынып жаткан "Ош базарынын" курулуш иштери кызуу жүрүп жатканын айтты (видео)

Жаңы Ош базарынын курулуш иштери сапаттуу жана кызуу жүрүүдө. Мындай билдирүүнү президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык баракчасында айтып, бир нече видео менен бөлүшкөн.

Өлкө башчысы кийинки жылдан тарта базар көчүрүлө тургандыгын белгилеп, түзүлүп жаткан шарттарга токтолгон.

"Кудай буюрса келерки жылдан баштап соодагерлерибиз жабык, заманбап, баардык шарттары бар базардын ичинде төрт мезгил бою жылуу-жумшак соода кыла башташат", - деп калтырган билдирүүсүндө.

Айта кетсек, Бишкекте жаңы "Ош базарын" камтыган шаарчанын курулушу Пригородное айылында башталган. Турак жай, автобекет жана автомобиль жыйноочу заводу бар комплекс Фучик көчөсүнүн батыш тарабында жайгашат. Болжолдонгон аймактын жалпы аянты 162 гектарды түзөрү айтылган.

Эске салсак, буга чейин Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров "Ош базары", Батыш жана Чыгыш автобекеттери шаардын сыртына чыгарыла турганын билдирген.

15.09.24
15.09.24
15.09.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан