Бүгүн, 2-сентябрда Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров "Ош базары", Батыш жана Чыгыш автобекеттери шаардын сыртына жылдырыла турганын билдирди.
Анын айтымында, "Ош базарын", Чыгыш жана Батыш автобекеттерин шаардын сыртына чыгаруу боюнча долбоор ойлонуштурулууда. Жаз айларында ишке ашырылат.
"Кудай буюрса, жаз айларында бул долбоорду ишке ашыра баштайбыз. "Ош базарындагы" ири соода комплекстеринин ээлери каршы эмес. Шаардын сыртына көчүрүү экономикалык жактан пайдалуураак болот. Негизинен өндүрүш базалардын жана объектилердин баарын борбордун сыртына көчүрүү керек. Ошондо жашыл, кооз шаарга ээ болобуз. Биздин бул долбоорду президент Садыр Жапаров да колдоп, биз туура багытта бара жатканыбызды, коомдук транспорт үчүн тилкелер, станцияларды, базарларды көчүрүү чоң долбоорлордун бири экенин айтты", - деди Эмилбек Абдыкадыров.