Бишкекте Пригородное айылы тарапта көп функционалдуу шаарчанын курулушу башталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда шаардык мэриядан кабарлады.
Маалыматка ылайык, курууга мезгил кутусун салуу иш-чарасына президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, шаар мэри Айбек Жунушалиев, "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасынын директору жана башкалар катышты.
Турак жай, автобекет жана автомобиль жыйноочу заводу бар комплекс Фучик көчөсүнүн батыш тарабында жайгашат. Болжолдонгон аймактын жалпы аянты 162 гектарды түзөт.
Курулуш үчүн шарттуу түрдө сунушталган жер соода, өнөр жай жана турак жай болуп үч чоң зонага бөлүнөт. Алардын баары парк аймактары менен бөлүнөт.
Соода жана базар комплекси төрт кабатта жайгашкан дүкөндөрдү, күркөлөрдү жана кафелерди камтыйт. Биринчи кабаттарды тамак-аш сатуучу жайлар ээлейт. Калган кабаттарда өнөр жай, текстиль жана тиричилик товарларын сатуучу соода түйүндөр жайгашат.
Базардын имараты эки көлөмдүү кире бериш тобуна бөлүнгөн тегерек формага ээ. Имараттын дагы эки өзүнчө кире бериши болот. Базардын имаратынын короосу эки аймакка бөлүнүп, чатыры айнек менен жабылган дүң базар жана чоң эс алуучу аймак түшөт.
Соода комплексинин жанаша жайгашкан аймагында мейманкана, чоң автобекет жана бизнес борбор куруу пландаштырылууда. Мындан тышкары курулуш базарларына жанаша жайгашкан аймактарда мечит, медициналык жана спорт борборлору, ресторандарды жайгаштыруу каралууда.
Долбоорлоочу аймактын түштүгүндө ири турак жай комплекси, анын ичинде төрт кабаттуу 58 турак үй, мектеп жана бала бакча курулмакчы.
Турак жай секторунда эс алуу зоналарын, жанаша унаа токтоочу жайларды жана балдар аянтчаларын долбоорлоо пландаштырылууда. Аны менен чектешкен жашыл сейил бакта маданий иш-чаралар үчүн аянт, спорттук, ден соолукту чыңдоочу аянтча, балдар аянтчасы жана эс алуу үчүн сейилдөөчү аянтча болот.
Мындан сырткары комплекстин айланасына клиникасы бар медициналык пункт жана бассейни бар спорт комплексин куруу мерчемделүүдө.
Бул масштабдуу долбоор шаардык инфраструктураны жакшыртууга багытталган. Батыш автобекети менен "Ош базарын" жаңы комплекске көчүрүү менен шаардагы тыгын көйгөйлөрү чечилет деп күтүлүүдө.