Наталья Никитенко: "Эгер бейтапканалар өзүн-өзү каржылоого өтсө, анда элге оор болуп калат"
Эгерде бейтапканалар өзүн-өзү каржылоого өтсө, анда элге оор болуп калат.
Мындай пикирди “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Наталья Никитенко ЖКнын
кезектеги пленардык жыйынында билдирди. Эл өкүлүнүн айтымында, бейтапканаларды
өзүн-өзү каржылоого өткөрүү азырынча эртерээк. “Өзүн-өзү каржылоого өткөрүүдө
жардамга муктаж адамдар көп жана алардын тизмеси толук тактала элек. Андыктан
бул маселени жакшылап карап чыгыш керек. Эгерде бейтапканаларды өзүн-өзү
каржылоого өткөрсөк, анда башка дагы объектилер тоталдык түрдө өзүн-өзү
каржылоого өтүп, элге оор болот”,- деди Наталья Никитенко.