Бүгүн, 11-октябрда Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги ок атышууда жаракат алып, ооруканага түшкөн эки жарандын абалы боюнча маалымат берди.
Билдирүүгө караганда, 10-октябрда борбордогу саламаттыкты сактоо уюмдарына эки бейтап "Тез жардам" кызматы аркылуу түшкөн.
Биринчи бейтап С.Э. Клиникалык тез жардам ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Операциядан кийинки абалы оор бойдон калууда. Анын санына ок тийген. Экинчи бейтап Улуттук хирургия борборунун жандандыруу бөлүмүндө жатат, операциядан кийинки абалы туруктуу оор деп бааланууда. Анын ичине жана көкүрөгүнө ок тийген.
Белгилей кетсек, кечээ, 10-октябрда Бишкектин 7-кичи районунда жайгашкан машугуу залында ок атышуу орун алган. Окуянын натыйжасында кырсыктын катышуучуларынын бири жеринде каза болуп, экөө ооруканага жеткирилген.
Түндө окуянын катышуучусу бокс боюнча машыктыруучу Жылдызбек Ниязалиевге операция жасалганы маалымдалган.