Бишкектеги ок атышууда жарадар болгон бокс боюнча машыктыруучу Жылдызбек Ниязалиевге операция жасалууда. Бул тууралуу АКИpress агенттиги саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге шилтеме берип жазып чыкты.
"Ок өпкө менен боорго тийген. 2 литр кан жоготту. Азыр дарыгерлер шашылыш операцияга алып кирип кетишти. Бардык жардамдар берилип жатат», - деген Бейшеналиев.
Белгилей кетсек, Бишкектин 7-кичи районунда жайгашкан машугуу залында ок атышуу орун алган. Окуянын натыйжасында кырсыктын катышуучуларынын бири жеринде каза болуп, экөө ооруканага жеткирилген.