2012-жылдын 11 ай ичинде жашы жетелек өспүрүмдөрдүн катышуусунда 8 кылмыш иши катталган. Анын ичинен арыздануучунун кылмыш ишин козгоодон баш тарткан тосмо арызынын негизинде 6 кылмыш иши козголгон эмес. Ал эми калган 2 кылмыш боюнча КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 164-беренеси боюнча иш козголгон. Бул тууралуу Баткен РИИБинин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын башчысы, милициянын лейтенанты Мундуз Үсөнов маалымдады.